• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кепилдик фонду ишкерлерди колдоо үчүн иштелип чыккан программа тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров коронавирустан улам зыян тарткан ишкерлерди колдоо үчүн иштелип чыккан "COVID-19дун кесепеттерин азайтуу максатында чакан жана орто ишкерликти каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүү" программасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, учурда ал программанын алкагында ишкерлер үчүн 1 млрд сом каралган.

Каражат берилүүчү багыттар:

- айыл чарба продукциясын өңдүрүү жана кайра иштетүү;
- өнөр жай;
- туризм;
- транспорт;
- экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар:
- соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлар;
- инновациялык ишмердүүлүк (жаңы ишканаларды ачуу же иштин жаңы багыттары);
- коргонуучу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуучу каражаттарды чыгаруу;
- билим берүү чөйрөсү;
- маалымат технологиялары;
-ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кластердик долбоорлору, анын ичинде интенсивдүү кой чарбасын өнүктүрүү.

Ал билдиргендей, бул программанын алкагында берилүүчү насыянын мөөнөтү 60 айга чейин, суммасы 10 млн сомго чейин жана үстөк пайызы 10%га чейин болот.

"Биздин программаны экиге бөлдүк. Биринчиси бүгүнкү күнү иштеп жаткан пилоттук бөлүгү. Учурда банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр пилоттук түрдө 15 млн сомго 10дон ашык кепилдик берилди. Ал кепилдиктер боюнча берилген насыянын суммасы 35 млн сомдон ашты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий