• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кепилдик фондунан соода тармагы эң көп кепилдик алган

Экономика 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААКсынан соода тармагы эң көп кепилдик алган. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" АКК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын башынан тарта соода тармагы 24% кепилдик алган. Экинчи орунда айыл чарба жана балык уулоо турат - 20%. Кайра иштетүүчү өнөр жайы -18%, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү - 14%, туризм - 10%, тейлөө - 7%, унаа - 6%, курулуш 6%ын алган.

"Аймактар боюнча кепилдиктер мындайча бөлүштүрүлгөн: Бишкек - 25%, Чүй облусу - 17%, Нарын облусу - 17%, Ош облусу - 12%, Жалал-Абад облусу - 7%, Баткен облусу - 7%, Ысык-Көл облусу - 8%, Ош - 4%, Талас облусу - 3%", - деди ал.

Абакиров 2018-жылы сентябрда Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен 100 млн. сом өлчөмүндө экинчи насыя берүүсү боюнча келишим түзүлгөнүн белгиледи.

"2019-жылдын 1-январынан тарта насыя каражаттарынын 13%ы өздөштүрүлгөн. 13,2 млн. сом өлчөмүндөгү кепилдиктер 5 долбоор боюнча берилген. Мурунку 100 миллиондук насыя 2018-жылдын жаз айларында алынып, ошол эле жылдын күз айларына чейин өздөштүрүлгөн. Анда кепилдиктер 65 долбоорго берилген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий