• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Кепилдик фондунун" капиталы 1 млрд сомго көбөйтүлөт – Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. "Кепилдик фондунун" капиталы 1 млрд сомго көбөйтүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын башчысы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү алардын капиталы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.

"Статистиканы алып көрсөк, биздин ишкерлердин 40-50%ында кепилдикке муктаждык бар. Бүгүнкү күнү биздин капиталыбыз 1 млрд 200 млн сомду түзөт. Ишкерлерге кепилдик берүү үчүн бизге кошумча капитал керек. Улуттук банк биздин акционерлердин бири болот. Ал капиталды 1 млрд сомго көбөйтүү боюнча чечим кабыл алды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий