• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кепилдик фондунун төрагасы: Эки жаран гана банкка акчаны кайтарган эмес

Экономика 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Кепилдик фонду ишмердигин баштагандан тарта алардын кепилдиги менен акча алгандардын ичинен эки жаран банкка акчаларын кайтарган эмес. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" ААКсынын башкармалыгынын башчысы Малик Абакиров "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал көйгөйлүү насыялардын өлчөмү 425 миң сом болгон.

"Бул насыялар боюнча биз банкка акчаларды төлөп бердик. Эми мыйзамга ылайык, беш жыл аралыгында кардарлар менен акчаны кайтаруу боюнча иш алып барабыз. Сот ал акчаларды төлөтүп алуу боюнча чечим чыгарган. Биз бул боюнча иштеп жатабыз", - деди ал.

Абакиров кепилдиктердин 99,9%ы кайра кайтарыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий