• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кепилдик фондунун" төрагасы фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан эки кластердик долбоор тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын башчысы Малик Абакиров фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан эки кластердик долбоору тууралуу айтып берди.

"Биз эки кластердик долбоорду ишке ашыруудабыз. Өкмөт 4 каржы-насыялык мекемеге – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна, "Айыл Банк", РСК Банк" жана "Кепилдик фондуна" кластердик долбоорлор боюнча тапшырма берген. "Кепилдик фонду" былтыркы жылдан бери Дүйнөлүк банктын Ысык-Көл облусунда сүт тармагын колдоо боюнча долбоорун ишке ашырууда. Биз каражаттарга муктаж аял фермерлерге колдоо көрсөтүп жатабыз. Учурда 900дөн ашык ишкерлерге карыз берилди. Долбоордун жыйынтыгы менен уй сатып алууга каражат алган аял фермерлер сүт ишканаларына кошумча 10-15 тонна сүт өткөрүшүүдө. Бул долбоор бир топ ийгиликтүү болгондуктан Дүйнөлүк банк менен биздин өкмөт аны башка облустарга да жайылтууну караштырууда жана жыл аягына чейин кошумча каражат табылып, бул долбоор дагы эки облуста ишке ашырылышы мүмкүн", - деди ал.

Ошондой эле ал экинчи кластердик долбоор тууралуу айтып берди.

"Экинчи кластердик долбоор – интенсивдүү мал чарбачылыгын өнүктүрүү. Ал долбоор былтыр декабрь айында башталып, январь-февраль айында 550 фермер менен жолуктук. Бирок коронавируска байланыштуу ал убактылуу токтоп турат. Учурда фермерлерге методикалык колдонмо иштелип чыкты. Аларды басып чыгарып, фермерлерге таратабыз. Жакын арада коронавируска байланыштуу чектөөлөр алынса биз ишти улантабыз", - деди ал.

Аны менен бирге ал "Кепилдик фонду" тарабынан иш алынып барып жаткан "Бир аймак – бир ишкана" программасы тууралуу сөз кылып өттү.

"Биз аймактарда иштеп жаткан ишкерлерге же жаңы ишкана ачабыз деген адамдарга жардам берип, ачып жатабыз. 2017-жылдан бери бул иш жүрүп жатат. Бүгүнкү күнү биз 48 ишканага жардам бердик", - деди Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий