• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кепилдик фондунун уставдык капиталынын өлчөмүн 3 млрд сомго чейин көбөйтүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жумушчу тобу Кепилдик фондунун уставдык капиталын келерки жылдан тарта 2 млрд сомго чейин кескин көтөрүү, андан кийин 3 млрд сомго жеткирүү сунушун берди. Бул тууралуу тармактык комитеттин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Кепилдик фонду 2017-жылы 86 млн сом өлчөмүндө гана кепилдик бергенин эске салган депутат Акылбек Жапаров ошол каражаттын негизинде 313 млн сом көлөмүндө насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, бирок уставдык капиталдын азыдыгынан улам ал натыйжалуу иш алпара албай жатканын белгиледи. «Ал үчүн 20 млн доллардык облигация чыгаруу керек. Мында ички карыз бир көбөйгөнү менен, ишибиз алга жылат. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан да 100 млн доллар жүгүртүү каражатын карасак болот», - дейт ал.

Андан тышкары, жумушчу топ Улуттук банкка Кепилдик фондунун уставдык капиталына кирүү жана Кепилдик фонддун уставдык капиталын жөнгө салуучу болуу сунушун берүүдө. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мындай пикирге макулдугун билдирди.

Ошентип, Өкмөт 2018-жылдын биринчи кварталынын акырына чейин атайын чараларды көрүү менен, Гарантийного Кепилдик фондунун уставдык капиталын көбөйтүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий