• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КЭР-КР-ӨР темир жолун куруу: Абдылдаев сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр дагы деле жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Министр президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатып билдиргендей, аталган багыт боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Анын айтымында, Циндаодогу ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында үч мамлекеттин унаа министрлери ортосунда жолугушуу өтүп, ыңгайлуу каттамды кароо боюнча атайын адистердин талкуусу болгон.

Абдылдаев билдиргендей, темир жол Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө тургандыгына байланыштуу кыргыз тарап өз кызыкчылыктарын коргоодо.

Пикир

Оставить комментарий