• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КЭР лидерлери Кыргызстанга канча ирет мамлекеттик сапар менен келген?

Аналитика 0

Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана ар кыл уюмдардын алкагындагы көп тараптуу алакасын өнүктүрүүдө маанилүү баскыч болууда. Кытайдын төрагасынын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында эки лидердин расмий жолугушуу аземи, расмий сүйлөшүүлөр, 20дан ашык эки тараптуу документтерге кол коюу аземи каралган. Андан тышкары, сапардын алкагында көркөм көргөзмөгө да баруу пландалууда.

"Бул айдагы маанилүү окуялардын бири – Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана анын Шайнхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышуусу болот", - деп билдирди "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Ошондой эле бизнес-форум пландалган. Анда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү кызматташуу маселелерин талкуулап, документтердин топтомуна кол коюшат. Алсак, дээрлик 40 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экендигин айтып өттү.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде турат. Ошентсе да, тараптар кызматташууну дагы бийик деңгээлге көтөрүүнү пландап жатат. Кытай көп жылдан бери Кыргызстан үчүн маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөш болгон жана болуп келет. Учурда биргелешкен аракеттер менен КРдан Кытайга экологиялык таза продукттардын экспорту боюнча иштер уланууда. Кыргызстан да Кытай менен унаа, туризм, айыл чарба тармагы жана инфраструктураны өнүктүрүү тармагындагы түз инвестициялар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр", - деди ал.

Кытайдын учурдагы лидеринин сапарына чейин ушундай эки сапар болгон.

Алардын бири 2007-жылы 14-15-августта ага чейинки лидер КЭР төрагасы Ху Цзиньтао тарабынан жасалган. Анда Ху Цзиньтао Бишкекте мамлекеттик сапар менен болуп, ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин жетинчи отурумуна да катышууга келген. КЭРдин ал убактагы төрагасы Ху Цзиньтаонун чет элге жасаган сапарынын жүрүшүндө биринчи болуп Кыргызстанга токтогонун белгилеп кетүү керек. Андан кийин ал Челябинскке (Россия) ШКУ өлкөлөрүнүн "Тынчтык миссиясы-2007" биргелешкен антитеррордук окуу-машыгууларына катышуу үчүн кеткен. КЭР төрагасы өзүнүн сапарын Казакстанга болгон мамлекеттик сапары менен жыйынтыктаган.

КЭР лидерлеринин Кыргызстанга жасаган экинчи мамлекеттик сапары 2013-жылы 9-11-сентябрда болгон. Анда учурдагы КЭР башчысы Си Цзиньпин келип, ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин 13-отурумуна катышкан.

Кытай лидери Кыргызстанга борбор азиялык сапарынын соңунда токтогон. Аа чейин ал Өзбекстанга барган.

2007-жылдан бери жасалган үч мамлекеттик сапар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамиленин өзгөчөлүгүн айгинелеп турат. КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапары эки өлкө ортосундагы алаканы жана Кыргызстан менен Кытай элдеринин ортосундагы байланышты дагы тереңдетет деген ишеним бар.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий