• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кербен менен Каракөлдүн жашоочуларына акысыз юридикалык кеңеш берилет

Аймак 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кербен жана Каракөл шаарларында эртең, 27-июлда акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлору ачылат. Бул тууралуу КР юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Борбор эки шаардын тең мэрия имараттарында жайгашып, калкка юридикалык кеңеш берет. (юрист, мамлекеттик нотариус, жактоочу).

“Акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлору жарандарга укуктук жактан жардам берүүнү бирдей жеткиликтүү кылат жана калктын аярлуу катмарларындагы укуктук коргонуунун деңгээлин жогорулатат”, - деп билдиришти юстиция министрлигинен.

Учурда бүтүндөй республика боюнча мындай 24 борбор бар. Алар USAID программасынын колдоосу менен ачылган.

Пикир

Оставить комментарий