• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кербен шаарындагы ооруканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүү үчүн жерине төрт бөлүм тартылган. "Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып, ошондой эле жабыркагандар тууралуу маалымат катталган жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана толук материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий