• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кербен шаарынын кѳчѳлѳрүндѳгү башаламан базарлар тазаланып, иретке келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Кербен шаарынын кѳчѳлѳрүндѳгү башаламан базарлар тазаланып, иретке келтирилди. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун мамлекеттик администрациясы, Кербен шаарынын мэриясы, райондук ички иштер бѳлүмү, ветеринардык станция, салык кызматы, санэпидкөзөмөлдөө борбору, ӨКМ жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кербен шаарындагы башаламан, тартипти бузуп көчөдө соода-сатык кылышкан соодагерлер Таш-Төбө, Датка, Тегене базарларына жайгаштырылды.

Кайрадан унаажолго чыгып соода кылган соодагерлерге мыйзам чегинде айып салынары эскертилди жана тиешелүү кызматтар жана шаардык мэрия тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.

Пикир

Оставить комментарий