• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кербен – Таш-Көмүр унаа жолундагы кырсыктан үч жаран каза тапты – видео

Кырсык 0


Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 38 чакырымында кечээ, 29-октябрда саат 18:40тар чамасында "Дэу Матиз" жана "Айди-100" унаалары кагышты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан "Дэу Матиз" унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген. 33 жаштагы жаран ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон.

Ал эми "Ауди" унаасынын эки жүргүнчүсү кырсыктан каза тапты. Калган үч жаран ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий