• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кербенде эки дарыгер заманбап оорукана ачкан

Аймак 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында эки дарыгер заманбап оорукана ачышкан.

Хирург Абдыманап Кулбаев менен уролог Нурдин Султанмуратов оорукананы өз каражаттарына курган. Алардын айтымында, курулушка 8 млн. 200 миң сом жана жабдыктарына да ошончо кеткен.

"Бир максатта гана – жергиликтүү элге жардам берүү үчүн оорукана курууну чечтик. Оорукана 30 орунга ылайыкташтырылган. Биздин ооруканада заманбап жабдыктар бар. Бул жерде бейтаптар толук дарылануу курсунан өтө алышат. Бизде дээрлик баардык адистик боюнча дарыгерлер бар. Айрымдары Россиядан келген", - деди ал.

Ал белгилегендей, ооруканада заманбап лаборатория бар.

"Бүгүнкү күнү биз дээрлик баардык анализдерди карай алабыз. Бизде керектүү лаборатория бар. Айрым анализдерди Бишкекке же зарыл учурда Москвага жөнөтүшүбүз керек болуп калат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий