• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кербенде прокуратура майыптыгы бар жаранга жер тилкесин алууга көмөктөштү

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Прокуратуранын кийлигишүүсү менен Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну, 1-топтогу майып жаранга жер тилкеге болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган жашы жете элек 13 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алышты.

Мыйзамдарга ылайык жетим балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну, 1-топтогу майып К.Ю. аттуу жаранга 2005-жылдан бүгүнкү күнгө чейин белгисиз себептерден улам, өзүнүн атына катталган 0,15 га аянттагы жер тилкесине мамлекеттик акт берилбегендиги аныкталган. Анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу талап келтирилген. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде Кадастар мамлекеттик мекемесинин Аксы району боюнча бөлүмү аталган жаранга жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны даярдап берди.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө турмуштук оор кырдаалда турган 13 жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок экендиги белгилүү болгон.

Балдардын укуктарын коргоо максатында прокуратура мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизип, анын натыйжасында аталган жарандар өздүгүн ырастоочу документтерди алышты.

Пикир

Оставить комментарий