• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Керчтеги кол салууга кабылгандардын ону жандандыруу бөлүмүндө жатат

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында болгон ок атуу жана жарылуудан жабыркаган беш киши комада жатат. Дарыгерлер алардын абалын турукташтырууга аракет жасашууда.

Жандандыруу бөлүмүндө баардыгы болуп 10 киши бар. Бул тууралуу Орусия Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова “Россия 24” телеканалына билдирди.

Кремль көзмөлдөгөн Крымдын башчысы Сергей Аксенов коллежде ок чыгарган студент мурун ок камдап алганын айтты. Октябрда ал мергенчи куралын колдонууга уруксат алган.

"Интерфакстын" өз булагы кылмышка шектүү окутуучу менен болгон жаңжалга байланыштуу ок чыгарган болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Жергиликтүү бийликтин соңку маалыматына караганда, 17-ноябрда болгон окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 19га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, бирок арасында окуу жайдын мугалимдери да бар. Мындан сырткары дагы 70тей адам жараат алганы аныкталды.

Орусиянын Улуттук антитеррордук борбору алгач политехникалык коллеждин кафетериясында колго жасалган жардыруучу зат жарылганын кабарлаган.

Бирок бийлик бул окуяны азыр башында мүнөздөлгөндөй Кылмыш кодекстин “теракт” эмес, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча иликтеп жатат.

Анткени окуя болгон жерде 18 жаштагы студент өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйганы да белгилүү болду. Кылмышка шектүүнүн ысымы политехникалык коллеждин төртүнчү курстагы студенти Владислав Росляков деп айтылды.

Крым жарым аралында үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Орусия президенти Владимир Путин кол салууга эмне түрткөнүн иликтөөнү тапшырды. Украина президенти Петр Порошенко да өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтты.

Пикир

Оставить комментарий