• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КЭРде карызы үчүн мейманканада кармалып турган КР жарандары бошотулду

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргзстандын эки жаранын Гуанчжоудагы мейманканада күчкө салып кармап турушкан. Бул тууралуу Гуанчжоудагы КР Башкы консулдугу билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 8-апрелде КР Башкы консулдугунун өкүлдөрү Гуанчжоудагы КРнын эки жараны - М.Э. жана М.Б. күчтөп кармалып турган мейманканага келишкен.

“Дароо эле КЭРдин жарандарына КР жарандарына карата укук бузуу аракеттерине жол бербөө тууралуу маалымат берилди”, - деп билдиришти Башкы консулдуктан.

Териштирүүнүн жүрүшүндө КЭРдин жарандарынын кыргызстандыктарга карата 35 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылык доосу бар экендиги аныкталган.

КРнын консулдук мекемесинин аракеттешүүсү менен тараптардын чатагы жөнгө салынып, бири-бирине доосу жок экендиги тууралуу тил катка кол коюлгандыгы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий