• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КЭРдин коргоо министрлиги КР КК БШга 100 млн юандан ашык суммада жардам берет

Саясат 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта КРнын Куралдуу күчтөр башкы штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшенбиевдин Кытай Эл Республикасына расмий иш сапары аяктады. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөр башкы штабы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө республикалык коргоо ведомствосунун башчысы КЭРдин коргоо министри генерал-полковник Чан Ваньцюань, андан тышкары КЭРдин борбордук аскер кеңешинин бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Фан Фэнхуэй менен жолукту.

Жолугушуулар учурунда тараптар эки тараптуу форматта дагы, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында дагы аскер кызматташтыгы ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилешти.

Өлкөлөр аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүү менен катар аймакта коопсуздукту камсыздоо жана терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар, андан тышкары аскер кадрларын даярдоо жана ШКУ форматында мындан аркы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Делегация башчылары аскер жаатындагы эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүп жатканын белгилешип, эки өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо кызматташтыкты андан ары бекемдөө ниетин билдиришти.

Иш сапардын жыйынтыгында КРнын Куралдуу күчтар башкы штабына КЭРдин коргоо министрлиги тарабынан 100 млн юандан ашык суммага аскердик кайтарымсыз жардам берүү тууралуу келишимге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий