• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир керебетте 3-4 уктаган балдар: Бишкектин мэриясы түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Бишкектеги бала бакчалардын биринде 50 ашык бала бир бөлмөдө жаткан видеосу тараган. Видеотасмада бир керебетте 3-4 бала узун-туурасынан, калганы полдо уктап жатканын көрүүгө болот.

Видео социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Видео боюнча шаардык мэрия түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, №1 бала бакчасы "Касым" жаңы конушунда 2008-жылы ачылып, 140 балага ылайыкташтырган. Бүгүнкү күндө бала бакчага 290 бала барууда.

Бакчада 19-апрелде ремонт өткөрүлүп, сырдалган. Балдар сырдын жытынан алыс болушун ойлогон кызматкерлер, бөбөктөрдү ремонт болгон бөлмөдөн алысыраак комнатага жайгаштырып коюшкан.

Бул кадам тууралуу балдардын ата-энелери менен макулдашышкан.

Эми бала бакчанын директору Айнагүл Малдыбаевага дисциплинардык чара көрүлөт. Анткени ал райондук билим берүү башкармалыгына балдарды бир бөлмөгө жаткызып койгону тууралуу маалымат берген эмес.

Негизи, бала бакча баардык талаптарга жооп берет, - деди мэрия.

Пикир

Оставить комментарий