• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 25.07.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзам керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жакшыртуу жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы кемчиликтерди жоюу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар, Жоруктар жөнүндө кодекстерине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине шайкеш келтирүү максатында жана Евразия экономикалык кеңешинин «Евразия экономикалык биримдигинин мүчө–мамлекеттери тарабынан, товарларды (жумуш, кызмат) дистанттык ыкмада сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү макулдашылган саясат жүргүзүүгө жалпы мамилелер жөнүндө» сунуштамасы боюнча кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ош беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий