• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түндүк электр”: 5 миң акылдуу эсептегичтер орнотулат

Коом 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. "Түндүк электр” ААКсы Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштерин улантууда.

“Түндүк электр” ААК боюнча 2018-жылдын 1-октябрына 195 831 акылдуу эсептегичтер орнотулду, анын ичинде:

Бишкек шаарында - 121 692;

Чүй облусунда – 63 650;

Талас облусунда – 10 489.

Эсептегичтердин жалпы санынан 174 152 эсептөө жабдыктары турмуш-тиричилик абоненттерине жана 21 679 –турмуш-тиричилик эмес абоненттерине орнотулду.

Мисалга, акылдуу эсептегичтери орнотулгандан кийин электр энергиянын жоготуулары 20%дан 10 % чейин түшкөнүн борбордогу Бакай-Ата, Кара-Жыгач, Көк-Жар конуштарындагы “акылдуу” эсептегичтери орнотулган турмуш-тиричилик абоненттеринин электр энергиясын керектөө анализи тастыктайт. Мындай иш чара берилген электр энергиянын сапатын жакшырлатууга алып келди. Буга чейин, тийиштүү кубаттуулукка техникалык шарты жана үч фазалык киргиси бар болгон турмуш-тиричилик абоненттери уруксат берилген кубаттуулуктан иш-жүзүндө бир топ ашыкча колдонушкан. Ал эми учурда акылдуу эсептегичтери "Түндүк электр" кеңсесинен чыкпай туруп, уруксат берилген кубаттуулуктан ашканда керектөө кубатуулугун чектөөгө, электр энергиянын балансын түзүүгө, абоненттерди аралыктан өчүрүп жана кайра кошууга мүмкүнчүлүк түздү.

"Түндүк электр" ААК 2018-жылдын соңуна чейин борбор калаага жана Чүй, Талас облустарына көрсөткүчтү аралыктан алуу системасы менен болгон 5 миң электр эсептегичтерин орнотот, ал эми 2019-жылы 20 миңге жакын керектөөчүлөрдү “акылдуу” эсептегичи менен камсыздоону мерчемдөөдө.

Маалымкат

Жалпы иштөө циклды автоматташтырууга уюштурулган “акылдуу” эсептегичтерди жайылтуу боюнча долбоор:

  • тиешелүү коммуникативдик чөйрө жана программалык комплекстери менен техникалык чечимдин комплекстүү иштетүүгө киргизүүнү;
  • эсептөө приборлорун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандартынан текшерүүдөн өтүүсүн жана сертификациясын;
  • PLC и CDMA/GPRS каналдары боюнча байланыш системасынын жөнгө салуу жана тизүүнү камтыйт.

Маалыматтарды берүү каналдары Beeline, MegaCom, О уюлдук операторлору жана "Кыргызтелеком" ААКсы менен камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий