• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Керектөөчү сектордогу инфляциянын деңгээли жыл башынан бери 6,5%ы түздү — Статком

Экономика 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Керектөөчү сектордогу инфляциянын деңгээли 2021-жылдын 9 айында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы аталган көрсөткүч 3,9 пайызды түзгөн.

«2021-жылдын 9 айында алкоголдук продуктуларга баалар 9,8%га өстү, тамекинин түрлөрүнө — 15,3%, тамак-аш продуктуларына, алкоголсуз ичимдиктерге — 7,4%, азык-түлүк эмес товарларга баалар 6,5 пайызга өскөн, кызмат көрсөтүүлөр – 2,4%га өстү», - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий