• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Керемет көч” мультфильми ар бейшемби күндөрү Ош жана Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 6.11.17 /Кабар/. “Керемет көч” мультфильми ар бир бейшемби күндөрү Оштогу “Нур” кинотеатрында жана Бишкектеги “Бета Сторес 2” соода борборунда көрсөтүлөт.

Бул жылы барына белгилүү болгон “Керемет көч” мультфильмине 10 жыл болду.

“Керемет көч” 2006-жылы БУУнун Балдар фонду тарабынан демилгеленип, 2007-жылы сыналгы аркылуу көрсөтүлө баштаган.

“10 жылдын аралыгында көптөгөн демөөрчүлөрдүн жардамы менен “Керемет көч” мульфильминин 500 сериясын тартып, балдардын өрчүүсүнө өбөлгө түздүк. Оштогу “Нур” жана Бишкектеги “Бета Сторес 2” соода борборунда эми балдар мультфильмди көрө ала тургандыктарына биз абдан кубанычтабыз”,- дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо.

Квинс университетинин изилдөөсү боюнча, “Керемет көчтү” көргөн 3-6 жашка чейинки балдардын 98% андагы башкы каармандарды абдан жакшы көрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий