• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Керемет көч” мультфильми аркылуу балдарга каржылык сабаттуулуктун негиздери түшүндүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.03.18 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Улуттук банк жана ЮНИСЕФ “Тунгуч” жаштар театрында улуттук валюта сомдун 25 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына карата “Керемет көч” анимациялык фильминин атайын сериялары көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР УБ басма сөз кызматы билдирди.

Балдарга мультфильмдин башкы каармандары Актан жана Акылай акчанын баалуулугу, улуттук валюта, үй-бүлөлүк бюджет, акчаны туура кармоо жөнүндө айтып берген жаңы сериялар сунушталды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ЖМКлардын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөнүн башкы банкы балдардын каржылык билим алуусун өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

“Заманбап шарттарда өз акча каражаттарын туура пайдалана билүү компьютердик сабаттуулук сыяктуу маанилүү каражатка айланды”, - деди Абдыгулов.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо балдарга эрте куракта акча маселелери тууралуу үйрөтүү жана маалымдоонун маанисин баса белгилеп өттү.

“Каржылык сабаттуулук – бул чоңдор үчүн гана эмес, балдарга да маанилүү тема. Кыргызстандын ийгиликтүү келечеги үчүн бардык окутууну эрте куракта баштоо маанилүү”, - деди ал.

Балдардын “Керемет көч” анимациялык тасмасы БУУ Балдар фонду тарабынан түзүлгөн. 11 жылдан бери 400гө жакын серия чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий