• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кесипкөй футболчулардын деменция синдромуна 3 эсе көп чалдыгары белгилүү болду

Дүйнө 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Британиялык Глазго университетинин адистери футбол оюну мээге кандай таасир этээрин аныкташты. Бул тууралуу BBC билдиргенин Известия басылмасы жазат.

Изилдөөнүн жүрүшүндө ооруган 7 миң 676 футболчу менен 23 миң жөнөкөй адамдын (футбол ойнобогон) медициналык китепчеси каралган.

Жыйынтыгында кесипкөй футболчулар футбол ойнобогондорго караганда деменция (мээнин айнышы, кем акыл) синдромуна 3 эсе көп чалдыгаары аныкталган. Бирок буга карабай футболчулардын жаш курагы башка кесиптин ээлерине караганда узун болоору байкалган.

ЖМКда Англиянын курамасынын оюнчусу Джеффа Асла футбол талаасындагы оюндарда бир нече ирет башынан жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат тараган. Мындан улам адистер футболдун адамга тийгизген таасирлери жөнүндө изилдөөлөрүн баштаган.

Эскерте кетсек, буга чейин шашпай басуу мээнин эрте картаюусу менен байланыштуу экенин АКШнын Дьюк университетинин изилдөөчүлөрү аныкташкан.

Пикир

Оставить комментарий