• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кесиптештери тарабынан сабалганын айткан милиция кызматкери аткезчилик унаа айдаган – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Ички иликтөөлөр кызматынын кызматкерлери тарабынан сабалганын айткан №2 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери Улан Абдубаков жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда. Бул тууралуу “Кабар” агентигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын башчысы Талантбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын №2 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери Улан Абдубаков ооруканага аны сабап салгандан кийин бир күн өткөндө кайрылган. Ал омурткасы сынганын айткан. Бирок медициналык документтер анын омурткасында жаракат жок экендигин көрсөтүп жатат.

“Буга чейин ички иликтөөлөр кызматы Ленин ИИБнин Улан аттуу кызматкери Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө алынып келинген унааны документтери жок айдап жүргөндүгү тууралуу маалыматты алган. 1-октябрда ички иликтөөлөр кызматынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери улук лейтенант Улан Абдубаковду кармашкан. Ал унааны документтери жок, айдоочулук күбөлүгүсүз айдап бара жаткан. Андан унааны кайдан алганын сурашканда ал эч нерсе деп айта алган эмес. Унааны айып унаа токтотуучу жайга киргизүү учурунда ал каршылык көрсөткөн, ал жерге эвакуатор чакырылган”, - деди Акматов.

Бул окуядан соң кызматкерди териштирүү үчүн ИИМдин имаратына чакырышкан.

“4-кабаттагы дааратканада ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана милиция кызматкеринин ортосунда айтышуу болгон. Ал өзүн тартипсиз алып жүргөн. Андан соң ал жумушуна кетип, эртеси күнү ички иликтөө кызматынын кызматкерлери сабап салганын айтып, ооруканага кайрылган. Аталган факт боюнча иликтөө жүрүүдө. Эгер ички иликтөө кызматынын кызматкери күнөөлүү экендиги далилденсе, ал жазаланат”, - деди Акматов.

Пикир

Оставить комментарий