• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кесиптик бирикмелери тууралуу мыйзам Конституцияга, эл аралык конвенцияга каршы келет – Карачалов

Коом 0

Бишкек, 12.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кыргызстандын кесиптик бирикмелери тууралуу” мыйзам долбоору Конституцияга, эл аралык конвенцияга каршы келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан куруучулар профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.

Анын айтымында, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында регламент одоно бузулган.

"Кворум жок болгонуна карабастан Гүлкан Молдобекова, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров “Кыргызстандын кесиптик бирикмелери тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окуудан өткөрүп алышты. Дүйнөлүк профсоюз кыймылы кыргыз бийлигине аталган мыйзам Конституцияга, Кыргызстан кабыл алган эл аралык конвенцияга дал келбестигин айтып каттарды жиберип келген. Ал эми мыйзам кабыл алынса, анда Кыргызстан Жалпы жеңилдиктер тутуму + (ВСП+) макамынан ажырайт. ВСП+ макамы Европа биримдигине товарларды бажы төлөмү жок ташууга укук берет", - дейт ал.

Карачалов белгилегендей, аталган мыйзам Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров жана Гүлкан Молдобекованын жолдошу Мирбек Асанакуновдун кызыкчылыгын коргойт.

"Эгер мыйзам кабыл алынса профсоюздун мүлкү сатылып, федерациянын расмий 750 миң өкүлү коргоосуз калып, студенттер жана пенсионерлер профсоюзга мүчө боло албай калат. Кыргызстандын кесиптик бирикмелер федерациясынын кеңешине 35 жаштан 65 жашка чейинки жарандар гана мүчө боло алат деп чектөө коюп жатат. Бул Конституцияга каршы келет. Прокуратуранын укугун кеңейтүүдө, мамлекеттик кызматкерлердин укугун коргоп чыкса, анда кысым көрсөтүлөт", - деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын кесиптик бирикмелер федерациясынын мүчөсү Рыспек Кадыралиевдин айтымында, “Кыргызстандын кесиптик бирикмелери тууралуу” мыйзам долбоору бир үй-бүлө үчүн жазылган.

"Мирбек Асанакунов үчүн жазылган мыйзам долбоору. Ал боюнча Асанакунов башчылыкка келип, ага кызматкерлерди жумуштан алууга-дайындоого укук берилет. Көптөгүн депутаттар мыйзам долбоорун колдогон эмес, бирок кворум жоктугуна карабастан ал экинчи окуудан өттү. Бул мыйзам экс-президент Жээнбеков учурунда да 2 окуудан өткөн. Анда Жээнбеков кол койбой, артка кайтарган. Азыркы түзүлгөн абалдан пайдаланып аталган мыйзамды окуудан өткөрүп алышты", - дейт ал.

Ал билдиргендей, Асанакунов төрагалыкка алдамчылык жолу менен шайланып келген.

Пикир

Оставить комментарий