• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кесиптик техникалык билим берүү системасынын 600дөн ашык окуутуучулары окутуунун заманбап ыкмаларына үйрөнүшөт

Коом 0

Бишкек, 17- февраль /Кабар/. Республикадагы кесиптик техникалык билим берүү системасынын өндүрүштүк окуусунун 600дөн ашык мугалимдери жана мастерлери окуучулар менен иштөөнүн жаңы интерактивдүү ыкмаларын киргизүүгө даярданышууда, деп билдирилди КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан.

Буга ылайык 10 күндүк курс (72 академиялык саат) Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан киргизилди. Окуунун алкагында 600дөн ашык окутуучулар сабактарда натыйжалуу окуу чөйрөсүн, окуунун заманбап ыкмаларын жана технологияларын түзүүгө, сабактарды пландоо ыкмаларына ж.б. көп нерселерге үйрөнүшөт.

Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Масума Башированын айтымында , республикадагы кесиптик техникалык билим берүү системасынын педагогикалык курамынын 60%дан ашыгы окутуунун заманбап ыкмаларына үйрөнүүгө муктаж.

Пикир

Оставить комментарий