• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кескин кадамдарды жасоо үчүн ыйгарым укуктарды президентке өткөрүп берүү керек – Конституциялык кеңешменин мүчөсү

Коом 0

Январда өткөн референдумда кыргызстандыктар көпчүлүк добуш менен президенттик башкаруу формасын тандап алышты. 6-февралда Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Баш мыйзам өткөн жылдын күзүнөн баштап Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип келди. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипов “Кабар” агенттигине билдиргендей, кескин кадамдарга баруу үчүн президентке ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти берүү керек.

Эксперт убакыттын өзү кескин чараларга барууну талап кылууда, бирок кескин кадамдарга баруу үчүн президентке ыйгарым укуктарды да, жоопкерчиликти да берүү керек деп ишедирет.

“Бирок Конституцияга ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү аспектисинде гана кароого болбойт. Ага тең салмактуулук тутумунун көз карашы менен кароо керек. Экинчиден, укук коргоо, адам жана жарандардын эркиндиги көз карашында да кароо зарыл. Айрымдар парламент “тишсиз” болуп калды дешип сындап жатышат, мен буга кошулбайм. Анткени, парламенттен өкмөттү түзүү гана алынат, ал эми Конституциялык соттун судьясын, Жогорку соттун судьяларын, Эсеп палатасынын аудиторлорун тандоо, Башкы прокурорду дайындоого макулдук берүү, сот адилеттиги иштери боюнча кеңешменин курамын, Омбудсменди тандоо, БШКнын мүчөлөрүн бекитүү, башкача айтканда азыркы мыйзамдык, текшерүүчүлүк жана өкүлчүлүк функциялардын бары парламентте калат”,-деди Шерипов.

Андан тышкары, ал Конституциялык кеңешме тарабынан Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын макулдугусуз бир дагы депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес деген норма киргизилди, бул бийлик бутактарынын тең салмагын сактоонун талаптарына жооп берет деди. “Менин көз карашымда аталган норма парламент депутаттарынын эркин, демократиялык, юридикалык жана саясий ишмердүүлүгүнө шарт түзөт”,-деди Шерипов.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий