• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кескин түрдө көбөйдү! 13-январга карата Кыргызстанда 742 адамдан коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 13-январга карата коронавирус 742 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 632, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 15 жана Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 100 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 580 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 95 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 187 миң 620 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 629 киши айыгып чыкса, 2 миң 826 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий