• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кеттик! Чүй облусунун эң кооз жерлерине саякат

Дүр дүйнө 0

Бир топ эл аралык рейтингдер жана белгилүү басылмалар акыркы жылдары Кыргызстанды сөзсүз түрдө саякатка баруу керек деген өлкөлөрдүн тизмесине кошуп келет. Чындыгында өлкөбүзгө келген туристтер анын асман тиреген аска-зоолору, жаратылышы, көлдөрү, жайлоолору, эстеликтери жана жада калса меймандос эли менен суктанып кетишет. Анткени Кыргызстандын ар бир булуң-бурчу кооздугу жана өзүнө каткан бир сыры менен кызыктырат. Биз бүгүнкү рубрикабызда республиканын түндүгүндө жайгашкан үч дубандын бири Чүй облусу менен тааныштырууну чечтик. Анда месе кеттик!

Чүй облусу өзүнүн кенен жайлоолору, капчыгайлары жана бийик тоолору менен туризмдин баардык түрүн аркалагандардын кызыгуусун жаратып турат. Облустун аймагында ар бир адам өзү үчүн кызыктуу эс алуу таба алат десек жаңылышпайбыз. Бул өрөөн треккинг, альпинизм, рафтинг, велотуризм, экологиялык туризм, жөө туризм жана башка көптөгөн туризм түрлөрү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ал Бишкек шаарынан эки сааттык алыстыкта жайгашкандыгына байланыштуу баардык туристтик инфраструктура абдан жакшы өнүккөн.

Бурана мунарасы

Бурана архитектуралык эстелик жайы Токмок шаарынын түштүк тарабында 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал өзүнүн кооздугу, уникалдуулугу жана бул мунара тууралуу кызыктуу уламышы менен зыяратчыларды таң калтырып, илимпоздорду кызыктырып келет. Бурана XI кылымга таандык. Ал Орто Азия аймагында ушундай типте курулган алгачкы мунаралардын бири. Бул мунаранын алгачкы бийиктиги 45 метрдей болгон деген ырастоолор бар. Бардык эле мунаралардай анын чокусуна атайын кароолкана курулуп, төбөсү күмбөз түрүндө жабылып, дубалына айланта терезе ачып салынган. Бурананын азыркы кездеги бийиктиги 24,6 метр.

Бурана мунарасы кызын өлүмдөн сактап калууга аракет жасаган атанын күйүтү тууралуу легендасы менен өзүнө көңүл бурдурат.

Улуу хандын Монара деген кызы болгон. Бир күнү анын кызын кара курт чагып өлтүрөөрү тууралуу бир көз ачык айтат. Кызын жандай сүйгөн хан Монараны мунарага камап, ал эми чалды алдына байлап коет. Ал мунарага эч кимди киргизбей, баардык нерсени текшерүүнү өкүм кылат. Бир күнү хан кызынын туулган күнүнө жүзүм алып келет. Ошол жүзүмдү кыз алганда, бийкечти жүзүмгө жармашып келген кара курт чагып, кыз жан берет. Ошондо атанын күйүтүнө чыдабай мунара урап түшкөн деп айтылат.

Бурана Бишкек шаарынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мунарага чейин коомдук транспорт барбагандыктан, каалоочулар борбордук чыгыш автобекетинен Токмок шаарына чейин коомдук транспорт же такси менен 100 сомго ($1,45-1,50), андан ары Буранага чейин 100 сомго ($1,45-1,50) такси жалдап, жетип алса болот. Ал эми комплекстин ичине кирүү – 60 сом.

Ала-Арча жаратылыш паркы

Ала-Арча жаратылыш паркы Бишкек шаардын чет жакасында Асканын боюнда жайгашып, көп конокторду өзүнүн салкын абасы, муздак суусу жана таза абасы менен кызыктырат. Шаардыктардын жай мезгилинде эс алуу өткөрүү үчүн эң сүйгөн жери болуп саналат.

Жада калса бул жаратылыш парк Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири катары саналып, бийик деңгээлдеги коноктор жана расмий делегациялар да сөзсүз түрдө келишет. Ал эми жөө туризм сүйүүчүлөр үчүн бул бейиш. Жаратылыш паркынын өсүмдүктөрү жергиликтүү гана эмес чет элдик дендрологторду кызыктырып келет.

Ала-Арча альплагери деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте жайгашкан. Парк төрт зонага: эс алуу зонасы, жаныбарларды тоюттандыруу жана аларга көз салуу зонасы, спорт-альпинизм жана калыбына келтирүү зоналарына бөлүнөт.

Ала-Арча улуттук табият паркы мамлекет тарабынан коргоого алынган. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түндүк тарапты карай созулат.

Жаратылыш паркка чейин №265 маршруту Бишкектеги Ош базарынан каттайт. Жол кире 50 сомду түзөт ($0,70). Бирок парктын аймагына кирүү үчүн акы төлөнөт. Мисалы: унаасыз 1 адам – 80 сом ($1,15), жеңил унаа – 450 сом ($6,6), минивен – 600 сом ($8,70), кичиавтобус – 1000 ($14,50), автобус – 2500 сом ($36,3) жана мотоцикл – 200 сом ($2,8).

Ысык-Ата капчыгайы

Бул капчыгай эл арасында өзүнүн жылуу суу минералдары менен белгилүү. Ал жерде 130дан ашык минералдык суулар жер астынан агып чыгат. Анын ичинен жарымы термалдык суулар. Жер астынан агып чыккан жылуу булактар температурасы боюнча ар түрдүү болуп жана адамдын ден-соолугуна жакшы таасир тийгизет. Булактардын ден-соолука тийгизген таасири тууралуу көп уламыштар айтылып келет. Жада калса көп жылдар бою балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөөлөр ушул сууларга түшүп кийин балалуу болгондугу тууралуу да айтылат. Х кылымдан тарта бул жер зыяратчылардын эң негизги жайы катары белгилүү. Капчыгайдын аймагында Ысык-Ата курорту жайгашып, баардык меймандарды кучагын жайып тосуп алат.

Курортко чейин Бишкектеги чыгыш автобекети аркылуу №316 маршруту менен 50 сомго ($0,72) жетип алса болот.

Көл-Төр

Эң бир кооз көлдөрдүн бири деңиз деңгээлинен 2725 метр бийиктикте, Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жөө туризм сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө толуп, кызыккандардын саны арбын. Бул жерге Кегети капчыгайы аркылуу оңой барууга болот. Көл дээрлик жыл бою тоңуп, жайында гана ээрип жылыйт. Бирок суунун температурасы 5 градустан өйдө көтөрүлбөгөндүктөн туристтерге көлгө түшүү сунушталбайт.

Көл-Төр өзүнүн өзгөчө көгүлтүр өңү жана ажайып кооздугу менен адамдарды кызыктырат. Мындай кооздукту өзгөчө жай мезгилинде көрүүгө болот.

Көл-Төргө баруу үчүн борбордон 90 чакырым алыстыкта турган Кегети капчыгайы менен 7 чакырым жүрүп, бурулуштан кийин дагы 3 чакырым топурак жол менен жүрүү керек. Унаалар үчүн атайын унаа токтотуучу жай каралган.

Көнөрчөк каньондору

Көнөрчөк каньондору – Борбор Азиядагы өзгөчө бир уникалдуу каньондор. Алар Боом капчыгайында Бишкек-Ысык-Көл жолунун боорунда жайгашкан. Кызыл топурактуу жарлардын бийиктиги 400-500 метрге жетет. Алар байыркы шаарлардын урандыларына окшоп, белгилүү америкалык “Маккен алтыны” тасмасын эскертет. Бул жарларда эч кандай өсүмдүк өспөйт.

Көп жылдар бою суунун жана шамалдын жардамы менен уникалдуу чоң таштар сымал жарлар пайда болгон. Каньондордун узундугу 200 чакырымды түзүп, аларды бир күндө кыдырып чыгуу мүмкүн эмес. Дагы бир өзгөчөлүгү болуп, өчүп калган Сегизхан Шокны вулканы саналат. Анын жашы 2,5-3 миллион жылды түзөт.

Ал эми каньондогу кургап калган шаркыратма туристтер арасында өзгөчө кызыкчылык жаратат. Эл арасында бул шаркыратма жыл сайын бир “кара жаш” агызат деген да уламыш сөздөр айтылып келет.

Көнөрчөк каньондору Боом капчыгайында жайгашкандыктан, ал жерге баруу кыйынчылык туудурбайт. Ар бир Ысык-Көлгө каттаган такси, маршруттар менен жетип алууга болот. Жол кире – 200 сом ($2,90) түзөт.

Ата-Бейит мемориалдык комплекси

Аламедин районунун Чоң-Таш айылында Бишкектен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан “Ата-Бейит” комплекси 2000-жылы 30-жылдардагы репрессияга кабылгандардын урматына курулган.

Бул жерде сталин репрессиясына кабылган 19 улуттагы 137 кыргыз жарандын сөөгү коюлган. Атылып кеткендердин баары Кыргыз Советтик Республикасынын Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов жана Касым Тыныстанов сыяктуу кыргыз интеллегенциясынын көрүнүктүү инсандары болгон.

Меморалдык комплекс 2 гектар жерди ээлеп, ичинде: музей жана скульптуралык композиция, мемориалдык-эстелик жайгашкан. Аталар бейитиндеги музейдин ичинде репрессияга кабылгандар тууралуу маалыматтар жана Кыргызстандын 1920-30жж. саясий абалы тууралуу документтерди жана сүрөттөрдү көрүүгө болот.

Комплекстин аймагында 2016-жылы Улуу үркүндүн 100 жылдыгына арналып эстелик коюлган. 1916-жылы Орус Империясынын куугунтугуна кабылган кыргыздар тоолор аркылуу Кытайга качууга аргасыз болгон. Ушул трагедиялык окуялардын жыйынтыгында көп адам Памир жана Тянь-Шань ашууларында сууктан жана ачкачылыктан жан берген.

Ошондой эле бул комплекстин ичинде улуу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейити жайгашкан.

Ал эми Ата-Бейит комплексинин жолу велотуризмди сүйгөн адамдар үчүн эң популярдуу жол. Жыл сайын жай мезгилинде баардык велотурлардын маршруту ошол жол аркылуу өтөт.

Мемориалдык комплекс Бишкектен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаардан Ата-Бейиттин ичине чейин абдан жакшы асфальт жол салынган. Ал жака №295 маршруттук такси менен 30 сомго ($0,5) жана такси менен жетип алууга болот.

Чуңкурчак капчыгайы

Бул капчыгай Чүй облусунун эң кооз жана Бишкек шаарына эң жакын капчыгайлардын бири. Ал Кыргыз тоо кыркасынын башка капчыгайларынан айырмаланып, аны бойлой түндүктөн түштүк тарапты көздөй узунунан созулуп турат. Капчыгайдын узундугу 30 чакырымды түзөт. Капчыгайдын арча токойлору, карагай токойлору, кенен жайлоолору жана тоолордун кызыл таштуу боорлору өзгөчө бир ажайып кооз. Ал эми ал жака алып барган жол өзүнчө бир керемет. Төө-ашуунун кичине версиясы сыяктуу Чуңкурчактын жолу улам өйдөлөгөн сайын алдыдан жомоктогудай тоолордун соонун көрүнүшү ачылат.

Чуңкурчактагы 30 метр бийиктиктен агып түшкөн көгүлтүр шаркыратма капчыгайдын эң бир кооз жерлеринин бири. Бул жерде туристер үчүн жыл бою келип эс алуусу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Күз, жаз, жай мезгилдеринде сүт, кымыз ичип, таза абада эс алуу, жөө туризм популярдуу болсо, кышында тоо-лыжа туризими кенен өнүккөн. Бир нече лыжа базалары өз кызматтарын сунушташат. Ал эми токойдун кучагында жайгашкан конок үйлөр келген меймандарга эң жакшы деңгээлде сый көрсөтүп, узатууга даяр.

Бишкектен Чуңкурчакка жетүү абдан оңой. Мыкты тажрыйба топтогон саякат компаниялар ар күн сайын транспорт жана башка кызматтарын сунуштайт. Ал эми өз унаасы менен барам дегендер Арашан айылына чейин жетип, андан ары капчыгайды көздөй бет алышат. Шаардан жакшы жолтандабас менен 1 саат убакытта жетип барса болот. Ал эми таксилер 500-1000 сомго ($7,25-14,5) жеткирип кайра алып келишет. Шаардан Арашанга чейин асфальт, андан ары таштак, топурактуу жол болот.

Кегети капчыгайы

Бул капчыгай Бишкектен 70 чакырым алыстыкта жайгашып, өзүнүн кенендиги менен туристтерди абдан кызыктырат. Кээ бирлери жөө сейилдөө үчүн келген болсо, кээ бирлери велосипед тебүү аркылуу ырахат алышат. Ал эми капчыгайдын ичиндеги эки шаркыратма, тянь-шань карагай токою жана Кегети ашуусу эл сүймөнчүлүгүн арттырат. Шаркыратмалардын боюнда отуруп эс алуу көп элдердин сүйүктүү адаты.

Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3200 чакырым бийиктикти түзөт.

Кегети капчыгайына барган жол таштак жана өр болгондуктан, ал жака тек гана жолтандабас жана тажрыйбалуу айдоочу менен баруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий