• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КЭУнун студенттери жергиликтүү жана европалык кош дипломго ээ боло башташты

Коом 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭУ) студенттери жергиликтүү жана чет өлкөлүк кош дипломго ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КЭУнун ректору Айнура Адиева.

Анын айтымында, билим берүү системасына “Кош диплом” жаңылыгын киргизүү студенттер туш болгон бир катар маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.

“Академик Асылбек Айдаралиевдин жетекчилиги алдында КЭУ билим берүү программаларын реформалоо жана билим берүү процессине окутуунун жаңы технологияларын, Болон системасынын принциптерин киргизүү боюнча алгылыктуу иштерди жасап жатат. 2014-жылы окуу жай уникалдуу болгон “Кош диплом” программаларын жана сендвич-программаларын иштей баштаган”, - деди Адиева.

Ректор студенттер КЭУнун жана өздөрү тандай турган өнөктөш-ЖОЖдун (Европа, Кытай, Азия) дипломун алышат. Бул бакалавриат, магистратура жана докторантура даражаларына тийиштүү.

Адиеванын айтымында, сендвич-программа окутуу тандоосунун альтернативдүүлүгүн колдонуу менен билим берүү кызматтарынын ийкемдүү системасын тартуулоого көмөктөшөт жана студенттердин билим алуу жолун кеңейтет.

Аталган программаларда окутуунун артыкчылыгы төмөндөгүдөй: бардык окуу пландары КРнын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлүп, бардык өнөктөш-ЖОЖдордун окуу планы менен адаптацияланган.

Учурда университет Словакия, Болгария, Швейцария, Италия, Латвия, Литва, Польша, Индия, Түркия, Кытай өлкөлөрү менен 20 макулдашууну бекиткен.

“Биз кызматташкан бардык өнөктөш-ЖОЖдор эл аралык аккредитациядан өткөн. Бүтүрүүчүлөр эмгектин эл аралык рыногунда жумушка орношо алышат”, - деди ректор.

Андан тышкары окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Башкача айтканда, окуу планында студент кошумча үч саат дүйнөлүк тилдерди тереңдетип окуусуна чоң көңүл бурулат.

“Бул биринчи курстун аягында студент TOEFL боюнча жана башка түрлөр боюнча тестирлөөгө катыша алуусу үчүн, англис тилинде эркин сүйлөшү үчүн жасалат. Ошондой эле немис, араб, түрк, кытай тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү берилет”, - деди ал.

Балдар чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүшсө болот: биринчи курста Индияда, экинчи курста Түркияда.

“Биз жөнөтүп жаткан тарап катары визалык колдоону, чакырууну конок университетке учуп барганга чейин камсыздап беребиз. Кабыл алган тарап жашаган жерин камсыздап берип, биринчи баскычта жардам берет. Балдар көзөмөлсүз калышпайт”, - деп белгиледи Айдиева.

Бүгүнкү күнгө карата эки топ даярдалган. Бирөөсү Варшава университетине, экинчиси Римге барышат.

Эл аралык байланыштар боюнча проректор Калмурат Жангазиев окутуу формалары тууралуу айтып берди.

“Биздин студент бир жыл окугандан кийин кийинки жылы өнөктөш-ЖОЖго кетүүгө укуктуу. Биз көбүнчө Чыгыш Европадагы университеттердин бирин тандайбыз. Себеби ал жакта билим алуу арзаныраак жана постсоветтик мейкиндикке жакын. Университет тандалгандан кийин биз тиешелүү каттарды жиберип, келишимдерди түзөбүз”, - деди Жангазиев.

3-курстун студенти Камила Массанова бул чыныгы тажрыйба деп эсептейт. Ал Болгарияда окуп, көп нерселерди үйрөнүп келген.

Никита Михалков (2-курс) бала чагында италиялык ЖОЖго тапшырууну кыялданчу. Мындай мүмкүнчүлүк КЭУда бар экенин укканда ал эч ойлонбостон аталган окуу жайга тапшырган. Учурда ал каалаган университетине кетүүгө даярданууда.

Камила Массанованын апасы Айнура балдардын өнүгүшүнө кичинекей кезинен салым кошуу керектигин айтты. Аларды окууга жөнөтүү керек, себеби алар билимдүүрөөк болуп, дүйнө таанымы кеңейет. Башка өлкөгө чыгышканда балдар жакшы жакка өзгөрүп, чоң максаттарды коюшуп, ага жетүүгө аракеттенишет.

“Кош диплом” программасы 2015-жылы башталган. Ал боюнча былтыр 15 адам чет өлкөгө кеткен. Быйыл 12 киши Польшага, алтоо Италияга барган.

Пикир

Оставить комментарий