• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кезектеги медаль! Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге татыды

Спорт 0

Бишкек, 07.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалына татыды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөшүп, ага мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда россиялык Марина Суровцева менен кезек келип, аны дагы 10:0 эсебинде жеңген.

Бирок жарым финалдык кармашууда эстониялык Эпп Мяэге 3:3 эсебинде (акыркы упайды алган утат) жеңилип, коло үчүн күрөшкө чыкты. Үчүнчү орунга болгон таймашууда Айпери Медет кызы украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде артта калтырып, коло байгени камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасында) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан жалпы 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий