• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кезектеги ШКУ саммитинин жана Си Циньпиндин КРге болгон сапарынын болжолдуу күнү аныкталды

Саясат 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү Бишкекте өтөт. Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган саммитин болжолдуу күнү тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУ жыйынына уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатында Бишкекте министрлер жана тармактык ведомстволордун катышуусунда бир катар жолугушуулар өткөрүлөт.

Ошондой эле саммиттин алдында Кыргызстанга президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен келет.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 6-8-июнь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кытайга барган.

Пикир

Оставить комментарий