• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КФБ алгачкы жолу спорттук медицина боюнча семинар өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Кыргыз футбол катчылыгын кеңсесинде спорттук медицина боюнча семинар старт алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен (КФБ) билдиришти.

Бул семинарда КФБтин Улуттук курама командалар бөлүмүнүн спорттук медицина боюнча башкы адиси Исмаилов Нурбек Ирискулович инструктордук ишин жүргүзүүдө.

23 катышуучуну аталган үч күндүк окуу алкагында биринчи жардам көрсөтүү, медициналык ишти спорттук иш-чара жана клубтарда уюштуруу жана спортчулардын калыбына келиши боюча актуалдуу темалар күтөт.

Белгилей кетсек, КФБ аталган тематика боюнча окууну биринчи жолу уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий