• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Хабаровскидеги окуя боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Россиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу РФнын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган учурда билдирген. Кеңешчи Тышкы иштер министрлигине 16-декабрда чакыртылган. ​

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык айдоочулардын орусиялык тартип коргоочулар тарабынан сабалганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, Кыргызстандын жарандарына кызмат абалынан пайдаланып күч колдонуп, мыйзамга каршы мамиле кылган окуяны сынга алды. Кыргыз тарап буга байланыштуу ишти калыс иликтөөнү камсыз кылууну жана кыргызстандыктарды ур-токмокко алгандарга катуу чараларды көрүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий