• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Хабаровсктагы кыргызстандыктар Ноорузду белгилешти

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Хабаровсктагы кыргызстандыктар 2 күндүк иш-чаралар менен Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи күнү, 18-мартта Экономика жана укук академиясынын спорт залында Хабаровск шаарында убактылуу жана туруктуу жашаган кыргыздар арасында волейбол боюнча турнир өттү.

Ага катышууну каалаган ар кандай жаш курактагы жана түрдүү кесиптерди аркалаган аялдар менен эркектер келишти.

Эркектер арасында жети команданын ичинен жеңишке ээ болгондор:

1- «Куруучулар»;
2 -« Аксакалдар»;
3-«Выборгский».

Аялдар командалары:

1-орун - «Экономика жана укук академиясынын студенттер курамасы»;
2-орун - «Эжелер»;
3-орун – «ДВГУПС студенттеринин курамасы».

Кийинки күнү аймактык “Русь” достук үйүндө жергиликтүү улуттук диаспоралар менен биргеликте Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Татарстандын улуттук тамак-аштарынын дегустациясы, атрибутикаларынын көргөзмөсү өттү. Андан соң майрамдык концерт болуп, ар кыл өлкөлөрдүн ыр-бийлери тартууланды.

“Хабаровск шаарында Нооруз майрамы алгачкы жолу белгиленип жаткан жок. Унутулгус маанай жана колорит ар башка диндердин өкүлдөрүн өзүнө тартат. Биздин элдерибиздин достук мамилелери бүгүнкү Нооруз майрамындай ар дайым сакталсын”, - деп белгиледи РФ Алыскы Чыгыш федералдык округундагы Ардактуу консул Кадырбек Мырзабаев.

Пикир

Оставить комментарий