• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Хабиб Нурмагомедовдун атасы Ошто спортчуларга мастер-класс өткөрөт

Спорт 0

Ош, 25.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн эл аралык Ош аэропортунда Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовду тосуп алышты.

Жолугушуу учурунда Ош шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбав ага Ошко келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Абдулманап Нурмагомедовго калпак жана чапан кийгизди. Өз кезегинде Абдулманап Нурмагомедов аны Ош шаарында жылуу тосуп алгандары үчүн рахмат айтты.

А.Нурмагомедов эркин күрөш боюнча СССР спорт мастери, РФнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, самбо боюнча Дагестан Республикасынын курама командасынын ага машыктыруучусу.

Хабиб Нурмагомедовдун атасы Ош шаарындагы спорт залдардын биринде спортчулар үчүн атайын мастер-класс өтөт.

Пикир

Оставить комментарий