• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Хагибис" тайфунунан пайда болгон топон суу жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 73кө жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Япониядагы "Хагибис" тайфунунан пайда болгон топон суу жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 73кө жетти. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 218 адам жабыркаган. Өлкөнүн 19 префектурасында 146 жер көчкү катталган. Анын айынан 10 миңдей турак үй жаракат алган.

"Учурда 30 миң үй электр энергиясыз калууда. 128 миң турак үйдө таза суу жок", - деп айтылат маалыматта.

Табигый кырсыктан 200 дарыянын суусу көтөрүлүп, 10 миң турак үй суу астында калган жана 900дөй үй кыйраган.

Ишемби күнү "Хагибис" тайфуну Хонсю аралында жүргөн. 12 префектурада жана Токиодо өзгөчө кырдаалдагы абал белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий