• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Хайп" үчүн жасаган. Бишкекте милиция "Өчпөс оттун" жалынын өчүргөн жигитти кармады — видео

Коом 0


Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Жеңиш паркында жайгашкан "Өчпөс оттун" жалынын өчүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда "Өчпөс оттун" жалынын өчүргөн баланын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жарандын бири “Өчпөс отту мен өчүрөм” деп, жалынды үйлөгөндүгүн көрүүгө болот.

Видео чыгар замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган Н.у. А. аттуу жаранды таап, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Кармалган учурда шектүү жаран кылган кылыгын моюндап, "хайп" үчүн жасагандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сураган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий