• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Хакасияда Интерпол аркылуу изделип жаткан Кыргызстандын жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Хакасияда кармалды. Бул тууралуу Хакасия Республикасынын ички иштер министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы эркек киши Кыргызстандын кылмыш кодексиндеги “Бейбаштык” жана “Өлүм менен коштолгон атайылап ден соолукка оор залака келтирүү” беренелери боюнча изделүүдө.

Шектүү кармалып, тергөө изоляторуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий