• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Хакерлер шайлоонун жыйынтыгына таасир бере алышмак эмес, анткени ал кол эсеби менен чыгарылат - Шайлдабекова

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 02.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоо учурунда система болуп көрбөгөндөй иштегенин айтты. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

Ал Kloop.kg сайтынын швед санариптик криминалы Кыргызстандын өкмөттүк серверлеринин бирин президенттик шайлоодо шайлоочуларга таасир берүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик эмес сайт камсыздаганына далилдерди тапканы тууралуу билдирүүсүн түшүндүрдү.

Шайлдабекованын айтымында, автоматтык эсептөө урналарынын маалыматтары БШКнын серверине кол менен киргизилген, анткени алар тышкы таасирден качуу максатында интернетке кошулган эмес.

“Биз шайлоо комиссияларынан маалыматтарды добуш берүү күнү 5 жолу телефон аркылуу алып жаттык. Мурда макулдашылган убакыт болгон”, - деди ал.

БШК төрайымы шайлоонун жыйынтыгы кол менен эсептөө аркылуу гана чыгарыларын түшүндүрдү.

“АЭУ бизге кыска убакыттын ичинде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын билүүнү шарттады. Ошондо эле алар кол менен жана автоматтык эсептөө маалыматтарын салыштыруу үчүн колдонулду. Ошондуктан хакердик чабуулдар добшу берүүгө таасир бергени тикелей четке кагылат”, - деди Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өттү. Расмий маалыматтар боюнча, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңип чыкты. Жаңы президенттин инаугурацисы болжол менен 24-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий