• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Хан-Теңир” жаратылыш паркында фотокапканга түшүп калган жаныбарлардын сүрөттөрү

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. “Хан-Теңир” жаратылыш паркындагы фотокапканга 10 ак илбирс сүрөткө түшүп калган. Бул тууралуу Кыргызстандагы "Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси" коомдук уюмунун (NABU) коомчулук менен байланыш адиси Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымында, NABU мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн илимий кызматкерлери, “Хан-Теңир” жаратылыш паркынын кызматкерлери жана егерлер менен биргеликте Сары-Жаз, Кайыңды жана Эңилчек өрөөндөрүндө, тоо этектеринде 18 фотокапкан орнотушкан.

Октябрь айында орнотулган фотокапкандар чечилип, ак илбирс, тоо текелери, аркарлар жана мадыл сүрөткө түшүп калган.

Жайында фотокапканга илбирстин бешөө түшсө, октябрда 10 түшкөн.

“Адистер тарабынан жүргүзүлгөн байкоолор кыргыз аска-зоолорунун символу болгон илбирстин саны жылдан жылга өскөнүнөн кабар берет”, - деп белгилешти уюмдан.

“Хан-Теңир” мамлекеттик жаратылыш паркы өзүнүн ар түрдүүлүгү менен уникалдуу.

Пикир

Оставить комментарий