• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Хан-Теңири чокусун багындырууда түрк альпинисти каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 27-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Белгилүү түрк альпинисти Хакан Кошкун алдын ала маалыматтар боюнча дүйнөнүн жетүү кыйын болгон жерлеринин бири Хан-Теңири чокусун багындырууда жүрөгү токтоп калып каза тапты. Бул тууралуу альпинисттик клубдун өкүлүнө таянып Daily Sabah кабарлады.

Кыргызстандын аймагында Кытай менен чек арада 7 миң метр бийиктикке чейин ондогон чокулар бар. Анын ичинде Хан-Теңири (6695 м) планетанын эң кооптуу чокуларынын бири болуп саналат. Ал курч учтуу пирамида түрүндөгү формасы менен өзгөчөлөнөт. Акыркы беш жылда чокуну багындырууда ар кайсы өлкөлөрдүн 10 ашык альпинисти, анын ичинде россиялыктар курман болушкан.

“41 жаштагы Хакан Кошкун Тянь-Шань чокусунан түшүп келе жатканда жүрөгү токтоп калып каза тапкан”, - деп билдирди клубдун өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий