• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Хиллари Клинтон 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышпайт

Дүйнө 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. АКШнын мурдагы башкы катчысы Хиллари Клинтон 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Клинтон өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти улантмачы. Ал учурда жазуучулук, активисттик ишмердүүлүк жана чоң энеликтен ырахат алууда.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрына белгиленген.

Мындан мурдараак Вермонт штатынан көз карандысыз сенатору Берни Сандерс да президенттик шайлоодо кайрадан талапкерлигин көрсөтө тургандыгы айтылган.

Праймеризге республикачылардан азыркы президент Дональд Трамп, Массачусетс штатынын губернатору Уильям Уэлд катышары болжолдонууда. Демократтардан Нью-Жерсиден сенатор Кори Букер, Конгресс өкүлү Тулси Габбард, Калифорниядан сенатор Камала Харрис жана Массачусетстен сенатор Элизабет Уоррен талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий