• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Химиялык дармектерди сатып алууга каралган 60 млн сомдун бөлүгү Ош балдар ооруканасына бөлүнөт

Ден соолук 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинде химиялык дармектерди сатып алууга каралган 60 млн сомдун бөлүгү Оштогу областтар аралык балдар клиникалык ооруканасына бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул каражаттарга онкологиялык жактан ооруган балдарга, анын ичинде, Оштогу областтар аралык балдар клиникалык ооруканасынын онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн дары-дармектерди сатып алуу пландаштырылууда.

Учурда дары-дармектердин тизмеси даярдалууда жана Саламатык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеште аталган маселе тыкыр каралмакчы.

Оштогу областтар аралык балдар клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнө бөлүнчү каражаттын суммасы дары-дармектерге карата конкреттүү муктаждыктан келип аныкталат.

Белгилесек, 2019-жылы онкологиялык оорулуулар үчүн дармектерди сатып алуу боюнча тендер бир нече ирет өткөрүлгөн, бирок алар жеткирип берүүчүлөрдүн жоктугунан улам өткөрүлгөн эмес деп таанылган.

Ошол эле учурда аталган дармектер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин негизги тизимине киргизилген. Дары-дармектердин бир бөлүгү республикага алынып келинген, ал эми калган бөлүгү (аспарагиназа, метотрексат, цитозар) чек аралардын убактылуу жабылышына байланыштуу кармалууда.

Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий