• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулушу 1-октябрга карата аякташы керек - Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 28.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 28-июлда, энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында Бишкек шаарынын ЖЭБине барды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров Бишкек шаарынын ЖЭБинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жана капиталдык курулуштун жүрүшү тууралуу маалымдады.

«Бардык иштер графикке ылайык жүрүүдө. Аны менен бирге жабдууларды оңдоодон тышкары маанилүү маселе – химиялык суу тазалоо жаңы курулушунун мөөнөтү болуп эсептелет», – деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулушун 2018-жылдын 1-октябрына карата аяктоону тапшырды.

«2018-жылдын январында болгон авариянын кайталанышына жол бербөө максатында Бишкек шаарынын ЖЭБ жетекчилиги кытай компаниясы ишке ашырып жатканына карабастан, химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулуш иштерин аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жасоосу зарыл», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК жетекчилигине «Электр станциялары» ААКсы менен биргеликте Бишкек шаарынын ЖЭБинде оңдоо иштерин мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууга жооптуу конкреттүү адамдарды аныктоону тапшырды.

«Алдыдагы жылуулук мезгилине толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Даярдыктардын үзгүлтүккө учурашын тендерлердин кеч өткөрүлүшү, катышуучулардын жоктугу менен актоо кабыл алынбайт», – деп жыйынтыктады Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий