• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 2017-жылдын 15-мартында КР ИИМ 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Хизб-ут-Тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрү кармалып, үйлөрүн тинтүүдө экстремисттик маанайдагы материалдар табылган.

“Тинтүү күбөлөрдүн катышуусунда КР ККнын “Улуттар аралык, расалык, диний же диндер аралык касташууну козгоо” 299-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү”, -деп билдирди басма сөз кызматы.

Тинтүү учурунда тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун материалдары менен 9 кол жазма дептер, 14 китеп, 13 даана ДВД-диск, 1 микрофлешка, 1 уюлдук телефон, 3 блокнот, 1 компьютер табылган.

Соттук-теологиялык экспертиза дайындалды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий