• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Хоккейдин экинчи баскычы: Кыргызстандын каршылаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Эл аралык Хоккей федерациясы 2022-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына тандоо турунун экинчи баскычындагы оюндардын жүгүртмөсүн жарыялады.

Оюндар 12-15-декабрда Румыниянын Брашов шаарында өтөт. Кийинки баскычка өтүү үчүн 12 команда күч сынашат. Алар "K", "L" жана "M" деп үч тайпага бөлүштүрүлдү.

Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы "K" тайпасына жайгашып, Румыния, Исландия жана Израилдин курамасы менен беттешет.

Оюндун жүгүртмөсү:

12-декабрь – Кыргызстан - Исландия;

13-декабрь – Румыния - Кыргызстан;

15-декабрь – Израиль - Кыргызстан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан биринчи баскычта бардык үч каршылашын жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий