• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Хонда СРВ" унаасы, кафе, тез татым. Кыргызстанда сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Киргизия-1 конушунун Самойленко көчөсүндө "Хонда СРВ" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ал эми Биринчи май районундагы Фрунзе көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган "Бутчер" кафесинин 150 чарчы метр чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана 5 муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө аянты 45 чарчы метр "Айти" тез тамактануу жайы толугу менен күйүп, жанында жайгашкан "Магнит" тез тамактануу жайына өтүп кеткен. Натыйжада "Магнит" тез тамактануу жайынын 15 чарчы метр шыбы күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий