• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Хорезмде кант заводун кайра ишке киргизүү аракети жүрүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Былтыр ноябрь айында ишин токтоткон «Хорезм-шакар» ишканасы 14,2 миллиард сумга сатылды. 20-сентябрда өтө турган жыйында заводдун аты өзгөртүлөт жана качан иштеп баштары так белгилүү болот. Ишканада эмгектенген 1 500 кишиден 70и гана калган.

«Хорезм-шакар» кант заводунун 99,4 пайыз акциясын Ташкент шаарынын А.Р. Тошев аттуу тургуну сатып алды. Калган 0,6 пайызы кимге таандык экени белгисиз.

2017-жылы ноябрда «Хорезм-шакар» заводу ишин токтотуп, жумушчуларды апрелге чейин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберген. Кийинчерээк кызматкерлердин 95 пайызы арыз жазып, иштен кетүүгө аргасыз болгон. «Хорезм-шакар» заводунда 1500 киши эмгектенген.

2017-жылы сентябрда Өзбекстандын улуттук валютасы кунун жоготкондон кийин ишканалар жана импорт менен алектенген ишкерлер каржы каатчылыгын кабылышкан. Алардын арасында «Хоразм-шакар» менен «Ангрен-шакар» кант заводдорду да болгон. Акыркысынын азыркы абалы туурасында маалыматтар жок.

Пикир

Оставить комментарий